Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилди

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн тартиби жөнүндө

I бөлүк.

II бөлүк.

III бөлүк.

VI бөлүм.

V бөлүм.

VI бөлүм.

 

1-тиркеме.

2-тиркеме.

 

 

 

3-тиркеме.

Жалпы жоболор

Офицердик курамдын аскердик кызматты өтөөсү

Прапорщиктердин аскердик кызматты өтөөсү

Куралдуу күчтөрдүн запасында туруу

Өргүүлөр

Аскердик кызматтан бошотуу

 

Аскердик кызматты өтөө жөнүндө контракт

Бир жыл жана андан ашык окуу мөөнөтү менен аскердик окуу жайда, адъюнктурада же аскердик докторантурада аскер кызматчынын окуусуна контракт

 

Аскердик окуу жайда аскер кызматчынын окуусуна контракт

 

Ушул Жобо, Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын адамдары жана прапорщиктер катары контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн тартибин, алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин аныктайт.

Жалпы жоболор

Контракт боюнча аскердик кызмат

1. Контракт боюнча аскердик кызмат - Кыргыз Республикасынын жарандарынын (мындан ары - жарандар), Ата Мекенди коргоо боюнча милдеттерин өз ыктыяры менен аткарууга негизделген аскердик кызмат.

Контракт боюнча аскердик кызматты офицердик курамдын адамдары жана прапорщиктер өтөйт (мындан ары - эгерде текст боюнча башка көрсөтүлбөсө аскер кызматчылар).

Контракт боюнча аскердик кызматты мыйзамдарга ылайык Куралдуу Күчтөрдө, башка аскердик түзүлүштөрдө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдар) өтөшөт.

Аскердик соттордун судьялары, аскердик прокуратуранын кызматчылары болгон аскер кызматчылар кызматты, Мыйзамга жана ушул Жобого ылайык, аскердик соттордун жана аскердик прокуратуранын ишмердүүлүгүн регламенттеген атайын мыйзамдар менен белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен өтөшөт.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери болуп саналган аскер кызматчылары улуттук коопсуздук органдарынын ишин жөнгө салуучу атайын мыйзамдарда, ошондой эле аларга ылайык чыгарылган улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин актыларында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобого ылайык кызмат өтөшөт.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2013-жылдын 30-майындагы № 306, 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөө өзүнө, аскердик кызматка дайындоону, аскердик наамды ыйгарууну, аттестациялоону, аскердик кызматтан бошотууну, ошондой эле мыйзамдар жана ушул Жобо менен аныкталган аскер кызматчылардын кызматтык-укуктук абалына ылайык башка шарттарды камтыйт.

Биринчи чакырылган же өз каалоосу менен аскердик кызматка (контракт боюнча) келген жарандар Кыргызстан элинин ишенимине Аскердик ант беришет.

3. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалган офицердик курамдын адамдары аскердик кызмат өтөө жөнүндө контракт түзбөстөн тийиштүү кызматта аскердик кызмат өтөшөт. Мындай офицерлерге контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчынын статусу сакталат.