Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы №350 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам берүүдө Мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашырууга багытталган милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары жөнүндө бул Жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө", "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун Бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө жобого ылайык иштелип чыкты.
2. Бул Жобону колдонуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен келишим түзгөн саламаттык сактоо уюмдарына таралат.
3. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам берүүдө Мамлекеттик кепилдиктер программасынын (мындан ары - Мамкепилдиктер программасы) алкагында милдеттүү медициналык камсыздандыруунун Базалык программасын, Амбулаториялык деңгээлде камсыздандырылган жарандарды дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча кошумча программаны (мындан ары - Кошумча программа) аткарууга жана максаттуу иш-чараларга багытталат.
2. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын түзүү тартиби
4. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын төмөнкүлөр түзөт:
- бардык төгүм төлөөчүлөр төлөгөн милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрү;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярлуу чегерүүлөрү, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка органдардын максаттуу субсидиялары;
- кайрымдуулук фонддорунун, эл аралык уюмдардын жана жарандардын төгүмдөрү;
- келишимдик милдеттерди жакшы аткарбагандыгы үчүн белгиленген тартипте салынган финансылык санкциялар;
- ММК Полистерин сатып алган уюмдардан жана калктан түшкөн каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттен төлөнгөн калктын социалдык-аялуу айрым категорияларына милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрү;
- пайдалануусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каршы келбеген башка булактар.