Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 23-сентябры № 571

Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара

укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону

бекитүү тууралуу

 

Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна укуктарды жаратуунун жана жеке жана юридикалык жактарга берүүнүн жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга карата иш-чаралардын «Экономика жана коопсуздук» планынын 104-пунктун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 

1. Тиркелген: Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижарага укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобо бекитилсин.

2. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:

- өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын, анын ичинде колдонуудагы курулуш жүргүзүү жана жерди пайдалануу эрежелерин бир айлык мөөнөттө ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Типтүү жобого ылайык келтирүү;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мындай ченемдик укуктук актылары кабыл алына элек ар бир калктуу конушта 2011-жылдын аягына чейин курулуш жүргүзүү жана жерди пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу жана кабыл алуу.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:

- ушул мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүмдөрү көрсөтүүчү кызматтарга бааларды бир айлык мөөнөттө кайра карап чыгышып, ушул токтомго ылайык жана белгиленген тартипте тийиштүү чечимдин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин;

- жер-жерлерде бул токтомдун аткарылышын камсыз кылышсын.

4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги электр, газ жана жылуулук боюнча кызматтарды көрсөтүүчү инженердик-техникалык кызматтардын бул токтомду аткаруусуна мониторинг жүргүзүүнү камсыздасын.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 «Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-майындагы № 334 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 «Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 799 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 «Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 464 «Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» токтому.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.

 

 

Премьер-министр

А.Атамбаев