Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-октябры № 666
Ата мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык очетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 29-мартындагы № 157, 2013-жылдын 10-июнундагы № 333, 2014-жылдын 17-мартындагы № 138 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын улуттук банкынын 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 603/46/10 токтому менен бекитилген 2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын 11-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдордун жана финансылык-экономикалык отчетторун мониторингдөө зарыл болгон мамлекеттик ишканалардын тиркелген тизмеси бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдорго жана бюджеттерин мониторингдөө зарыл болгон мамлекеттик ишканаларга бюджеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү жана маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна квартал сайын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги бекитүүчү формага ылайык берип туруу сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине квартал сайын, отчеттук мезгилден кийин 30 күндөн кеч эмес Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилүүчү форма боюнча тышкы карыз жөнүндө маалымат берип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 138 токтомунун редакциясына ылайык)
Алынуучу зайымдардын шарттарынын жеңилдетилген критерийлерге ылайык келишине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин оң корутундусу болгон учурда жаңы тышкы карыздарды алууну ишке ашырсын.
((КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 157, 2013-жылдын 10-июнундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн чарбакер субъекттердин бюджеттерин мониторингдөө боюнча форманы эки күндүн ичинде бекитсин;
- финансылык-экономикалык отчетторун мониторингдөө боюнча аналитикалык материалдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине квартал сайын берип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 157, 2013-жылдын 10-июнундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнө жана финансылык жана экономикалык саясат бөлүмүнө тапшырылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 токтому менен бекитилген |
Акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдордун жана бюджеттерин мониторингдөө зарыл болгон мамлекеттик ишканалардын ТИЗМЕСИ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-октябры № 666
Ата мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык очетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 157, 2013-жылдын 10-июнундагы № 333, 2014-жылдын 17-мартындагы № 138, 2014-жылдын 26-майындагы № 280 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын улуттук банкынын 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 603/46/10 токтому менен бекитилген 2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын 11-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдордун жана финансылык-экономикалык отчетторун мониторингдөө зарыл болгон мамлекеттик ишканалардын тиркелген Тизмеги бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 333, 2014-жылдын 26-майындагы № 280 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Тиркелген Тизмекте көрсөтүлгөн акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдорго жана мамлекеттик ишканаларга төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондго (мындан ары - Фонд) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Фонд тарабынан белгиленүүчү форма боюнча бекитилген бюджеттик маалыматтарды берип туруу;
- Фондго, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине (мындан ары - Финансы министрлиги) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Финансы министрлиги тарабынан белгиленүүчү форма боюнча тышкы карыздар жөнүндө маалымат берип туруу;
- алынуучу зайымдардын шарттарынын жеңилдик чен белгилерине шайкеш келүүсүнө Финансы министрлигинин оң корутундусу болгон учурда жаңы тышкы карыздарды алуу ("ЭСК Банк" ачык акционердик коомун кошпогондо).
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-майындагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)
2-1. Тиркелген Тизмекте көрсөтүлгөн акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдорго жыл сайын, акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өткөрүлгөндөн кийин 30 күндөн кечиктирбестен ушул токтомдун 2-пунктунун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн маалыматты берип туруу сунушталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-майындагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн чарбакер субъекттердин бюджеттерин мониторингдөө боюнча форманы эки күндүн ичинде бекитсин;
- финансылык-экономикалык отчетторун мониторингдөө боюнча аналитикалык материалдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине квартал сайын, отчеттук мезгилден кийин 30 күндөн кечиктирбестен жана жыл сайын, акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өткөрүлгөндөн кийин 30 күндөн кечиктирбестен берип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 157, 2013-жылдын 10-июнундагы № 333, 2014-жылдын 26-майындагы № 280 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнө жана финансылык жана экономикалык саясат бөлүмүнө тапшырылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 токтому менен бекитилген |
Акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдордун жана бюджеттерин мониторингдөө зарыл болгон мамлекеттик ишканалардын ТИЗМЕГИ