Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2012-жылдын 23-июлу № 514

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Консультациялык кызматтарды сатып алуу үчүн долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча комиссия жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы N 729, 2016-жылдын 3-мартындагы № 104 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Инвестициялык климатты жакшыртуу жана Кыргыз Республикасында туруктуу экономикалык өсүшкө жетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында Консультациялык кызматтарды сатып алуу үчүн долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Комиссия тарабынан бекитилген долбоорлорго карата консультациялык кызматтарды сатып алуу боюнча тендерлерди өткөрсүн;

- 2012-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде консультациялык кызматтарды сатып алууларды каржылоону камсыз кылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

А.Атамбаев