Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2012-жылдын 1-августу № 525

Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасындагы камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө" жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары эки айлык мөөнөттүн ичинде өзүнүн ишин ушул токтом менен бекитилген Жобонун талаптарына ылайык келтирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы бул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын каржы бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов