Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 17-марты № 137

Жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Кыргыз Республикасьшын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 - беренелерине ылайык, бардык деңгээлдеги мамлекеттик башкаруу органдарын, жеке жана юридикалык жактарды жер-кадастр маалыматы менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө жобо бекитилсин.

2. "Кыргыз Республикасында жер кадастрын жүргүзүүнүн тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 2-декабрындагы № 659 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев