КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-апрели № 205
Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 573 токтомуна ылайык ишке ашырылган автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин берүү боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоордун алгылыктуу жыйынтыктарына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
3. Автотранспорт каражаттарына цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин сатуудан алынган пайданын 91 пайызы республикалык бюджетке которулууга тийиш экендиги, пайданын 9 пайызы цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин сатуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын эсебине жибериле тургандыгы белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул токтомдон келип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 573 “Автотранспорттук каражаттарга цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |