Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 токтому менен бекитилген

 

Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобо

 

1. Жалпы жоболор

1. Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу менен байланышкан маселелерди жөнгө салат.

2. Мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу ушул Жобого ылайык онлайн-аукцион өткөрүү аркылуу, ошондой эле аны өткөрбөстөн жүргүзүлөт.

3. Автоунаа каражаттары үчүн цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилердин тизмеги жана наркы жалпыга таанышуу үчүн расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылат.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482 токтомунун редакциясына ылайык)

31. Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилеринин тизмеги жана наркы (мындан ары - 2-тизмек) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык аныкталат жана жалпыга маалымдоо үчүн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында, ошондой эле массалык маалымат каражаттарында жайгаштырылышат.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-августундагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр

4. Бул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:

цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белги - автоунаа каражатынын мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын атайын топтомун камтыган номердик белгиси;

ассоциациялык номердик белги - билдирменин ээси көрсөткөн жана Тизмекте каралбаган цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белги;

онлайн-аукцион - ыйгарым укуктуу органдын сайтында өткөрүлө турган мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерди жеке адамдарга сатуу методу;

(бешинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

баштапкы баа – цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгинин аукциондо баштапкы катары белгиленген баасы;

онлайн-аукциондун кадамы - онлайн-аукциондун жүрүшүндө старттык бааны жогорулата турган кошумча баа жана онлайн-аукционду өткөрүү системасы тарабынан жарыяланган ар бир кийинки баа;

катышуучу - ушул Жобо менен онлайн-аукционго катышуу үчүн аныктала турган, белгиленген тартипте каттоодон өткөн жеке адам;

жеңүүчү - аукционду жеңип алган катышуучу;

ыйгарым укуктуу орган - "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;

тастыктама – цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини сатып алуу фактысын тастыктаган белгиленген формадагы документ.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, 2020-жылдын 28-августундагы № 453, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомдорунун редакциясына ылайык)

3. Мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин ачык аукцион өткөрүү аркылуу сатуу

5. Тизмектин (ушул Жобонун тиркемеси) 1-4-пункттарында көрсөтүлгөн цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилер онлайн-аукциондо сатылат.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, 2018-жылдын 28-мартындагы № 163 токтомдорунун редакциясына ылайык)

51. Онлайн-аукционго катышуу аркылуу Тизмектин 1-4-пункттарында көрсөтүлгөн цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини сатып алууну каалаган жаран ага кошумча катары 2-тизмекке ылайык тамгалардын өзгөчө айкалышын көрсөтүп, ыйгарым укуктуу органдын сайтында тиешелүү электрондук арызды берүүгө укуктуу.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-августундагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)

5-2. 2-тизмектин талаптарына шайкештигин текшерүүнү камтыган иштеп чыгуудан кийин ыйгарым укуктуу органдын сайтында түзүлгөн электрондук арыз төмөнкү маалыматтары камтыйт: