Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Ѳкмѳтγнγн

2015-жылдын 24-июну № 407 токтомуна ылайык

кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2001-жылдын 23-марты № 121

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Көзөмөл комиссиясынын

курамын бекитүү

жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндө" Указынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Көзөмөл комиссиясынын тиркелген курамы бекитилсин.

2. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-апрелиндеги № 218 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Көзөмөл комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 10-августундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-апрелиндеги № 218 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Көзөмөл комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

 

Премьер-министр

К.Бакиев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 23-мартындагы № 121 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Көзөмөл комиссиясынын

Курамы

 

Танаев Н.Т. - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;

Орозов А.К. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу иштери жана укук коргоо органдары боюнча бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын төрагасынын орун басары;

Винникова Т.Г. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу иштери жана укук коргоо органдары боюнча бөлүмүнүн референти.

 

Комиссияныи мүчөлөрү:

 

Абдырахманов Ж.Т. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;

Мейманалиев Т.С. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;

Акназарова Р.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри;

Шаршекеева К.Д. - Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министри.