Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-майындагы № 289 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

1992-жылдын 2-июну № 262

Ички аскерлер жөнүндөгү жобону жана Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын антынын текстин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Ички аскерлер жөнүндөгү жобо жана Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын Антынын сунуш кылынган текстти бекитилсин.

 

Премьер-министр

Т.Чыңгышев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992 жылдын 2-июнундагы № 262 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын АНТЫ

 

Мен, Кыргыз Республикасынын Ички аскерлеринин аскер кызматчысы Кыргыз Республикасынын элине, анын Президентине жана Өкмөтүнө берилгендигине Касам ичин жатып; адилеттүү, ак ниеттүү болууга, аскер кызматынын кыйынчылыктарына туруктуулук менен чыдоого суверендүү мамлекеттин мыйзамдарын, командирлердин буйруктарын жана мага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди ылайык сактоого салтанаттуу Ант беремин.

Мен аскердик кызматты республиканын аймагынын бардык жеринде, эгерде мамлекеттин кыйынчылыктары үчүн зарыл болсо андан тышкары жерлерде да өтөөгө, аны эр жүрөктүүлүк менен, өз өмүрүмдү аябастан коргоого милдеттенем.

"___"_______________199 ж. _________________ (колу)