Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2014-жылдын 15-июлу № 387
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча координацияланган иш-чаралардын жүргүзүлүшүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 150 "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-октябрындагы № 584 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2 жана 3-пункттар күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 150 "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкү мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
- "2-1. Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.";
- 3-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Ведомстволор аралык комиссиянын алдында анын жумушчу органы болуп саналган эксперттик-аналитикалык топ иштейт.";
- аталган токтомдун 2-тиркемеси бул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- бул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 3-тиркеме менен толукталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.