Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 токтому менен бекитилген |
"Лейлек" эркин экономикалык чөлкөм жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376, КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана "Лейлек" эркин экономикалык чөлкөмүндөгү (мындан ары - "Лейлек" ЭЭЧ) чарбалык жана тышкы экономикалык иштин укуктук негиздерин аныктайт.
2. "Лейлек" ЭЭЧны түзүүнүн максаты регионду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, инвестицияларды, технологияларды тартууга жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, өндүрүштү, унаа инфратүзүмүн, заманбап өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмдү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өнүктүрүү, рынокторду товарлар менен толтуруу, калктын жашоо турмушунун деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
3. "Лейлек" ЭЭЧнын иши жана "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери катары юридикалык жактарды каттоо менен байланышкан мамилелер "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде ЭЭЧ жөнүндө мыйзамдарда каралгандан башкача эрежелер белгиленген болсо, анда эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.
5. "Лейлек" ЭЭЧ функциялык типтеги ЭЭЧ болуп саналат, анын тосмо тургузулган аймагы жана чек аралары, бюджети, башкаруунун өздүк органдары бар.
6. "Лейлек" ЭЭЧ Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук айылынын чек араларында (контур № 101 - 86 га, 102 - 14,0 га) 100 га аянттагы участокто жайгашкан.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомунун редакциясына ылайык)
2. "Лейлек" ЭЭЧны уюштуруунун жана анын иштешинин шарттары
7. "Лейлек" ЭЭЧ Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин ишине бажылык контролдоо жана бажылык жөнгө салуу менен камсыз кылына турган атайын бөлүнгөн аймакта түзүлөт.
8. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык режими колдонулган "Лейлек" ЭЭЧнын аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптар, анын ичинде тосмо орнотуу боюнча талаптар, ошондой эле "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин ишин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Бажы тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тосмонун же бажылык контролдоонун башка шарттарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүсүн бышыктайт.
9. Эгерде ушул бапта башкача каралбаса, ушул Жобонун 7-пунктунда каралган шарттар сакталбаган учурда "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттерине жалпы салыктык режим колдонулат.
10. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактаган шартта Евразия экономикалык бирлигинин товарларын жана чет өлкөлүк товарларды колдонуу менен байланышкан өндүрүштүк жана башка чарбалык ишти жүргүзө алышат.