Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Регламентин бекитүү жѳнүндѳ
2017-жылдын 9-октябры №12-П
Ишмерликти натыйжалуу уюштуруу максатында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Регламенти бекитилсин (тиркеме 1).
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Регламентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппаратынын түзүмү менен штаттык бирдигин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппараты жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 09-июлундагы № 1 токтому;
2) «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Регламентине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 23-январындагы № 03-П токтому;
3) «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 09-июлундагы № 1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 15-июнундагы токтому.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 9-октябрындагы №12-П токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын РЕГЛАМЕНТИ
Бул Регламент "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамга ылайык кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын (мындан ары - Конституциялык палата) ишин уюштуруу тартибин аныктайт.
I бөлүм Жалпы жоболор
1-глава Жалпы жоболор
1. Конституциялык палатанын компетенциясына тийиштүү Конституциялык палатанын уюштуруу жана ишмердүүлүк маселелери Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (мындан ары - конституциялык мыйзам) жана ушул Регламентке ылайык чечилет.
2. Конституциялык палатанын компетенциясына тийиштүү бардык маселелер боюнча Конституциялык палатанын отуруму чакырылат. Отурум, конституциялык мыйзам жана ушул Регламент менен бекитилген талаптарды сактоо менен ѳткѳрүлѳт.
3. Конституциялык палатанын отурумдары Конституциялык палатанын төрагасы, ал эми төрага болбогон учурда Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары тарабынан чакырылат.
4. Конституциялык палатанын ишин уюштурууга жана анын аппаратынын ишине тийиштүү маселелер Конституциялык палатанын төрагасы тарабынан, же болбосо анын тапшырмасы боюнча Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары тарабынан чакырыла турган Конституциялык палатанын судьяларынын кеңешмесинде каралат.
Конституциялык палатанын судьяларынын кеңешмесине Конституциялык палатанын аппаратынын кызматкерлери чакырылышы мүмкүн.
5. Конституциялык палатанын иши анын аппараты тарабынан камсыздалат, ага тике жетекчиликти аппараттын жетекчиси ишке ашырат. Конституциялык палатанын аппараты жөнүндө жобо, аппараттын түзүмү, чыгымдардын сметасынын чегинде штаттык саны Конституциялык палатанын төрагасынын сунуштамасы боюнча Конституциялык палата тарабынан бекитилет.
6. Конституциялык палатанын аппараты "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 55-беренесинде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардан тышкары төмөнкүлөрдү да ишке ашырат:
1) Конституциялык палатанын расмий билдирүүсүнө байланыштуу Конституциялык палатанын Төрагасынын жана судьяларынын пресс-конференцияларын (брифингдерин) уюштурат;
2) тиешелүү нускамада белгиленген тартипте электрондук документ айлантуу тутумун (мындан ары - ЭДТ) пайдалануу менен да иш жүргүзөт;
3) Конституциялык палатанын расмий сайтын алып барат;
4) Конституциялык палатанын отурумдарынын аудио-видео жазылуусун, ошондой эле стенографияланышын ишке ашырат;