Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 2-сентябры № 520

Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселеси жөнүндө

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-апрели № 218, 2015-жылдын 4-сентябрындагы № 617, 2016-жылдын 14-июлундагы № 396, 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 токтомдорунун редакциясына ылайык)

Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселесин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобо;

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан берилүүчү уруксаттар үчүн лицензиялык акынын өлчөмүнүн убактылуу прейскуранты.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 4 жыл колдонулат.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-апрели № 218, 2015-жылдын 4-сентябрындагы № 617, 2016-жылдын 14-июлундагы № 396 токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 520 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан берилүүчү уруксат берүүлөргө лицензиялык жыйымдын өлчөмүнүн УБАКТЫЛУУ ПРЕЙСКУРАНТЫ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 токтомунун редакциясына ылайык)

№

Аталышы

Чен бирдиги

Баасы (сом)

I. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө уруксат

1

Радио электрондук каражаттарды (РЭК), жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү (ЖЖТ) радио жыштыктагы нурланууну берүүчү же жогорку жыштыктагы электр-магниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарды

Бир уруксат үчүн

299

II. Жыштык ыйгаруу

1

Электр-магниттик шайкештик экспертизасы

 

2305

2

Мекемелер аралык макулдашуулар

 

814

3

Эл аралык макулдашуулар

 

814

4

Радиоконтроль

 

1627

5

Радио жыштыкты колдонууга уруксат берүү:

Бир жыштык ыйгарууга

 

5.1

- РЭК жана ЖЖТ (РЭК СВ жана кесипкөй эмес диапазондон тышкары), ошондой эле кабыл алуучу-өткөрүп берүүчү станциялардын курамына кирбеген кабыл алуучу түзүлүштөргө, телекөрсөтүүчү жана үн уктуруучу кабыл алгычтардан жана жеке радио чакыруучу каражаттардан башка;

 

488

5.2

- радиотелефондорго;

 

244

5.3

- 27 МГц диапазондогу СВ радиостанцияларга;

 

203

5.4

- кесипкөй эмес диапазондогу радиостанцияларга

 

54

6

Радио жыштыкты пайдаланууга уруксат берүү мөөнөтүн узартуу

Бир уруксат үчүн

 

6.1

- РЭК жана ЖЖТ (РЭК СВ жана кесипкөй эмес диапазондон тышкары), ошондой эле кабыл алуучу-өткөрүп берүүчү станциялардын карамагына кирбеген кабыл алуучу түзүлүштөргө, телекөрсөтүүчү жана үн уктуруучу кабыл алгычтардан жана жеке радио чакыруучу каражаттардан башка

 

231

6.2

- радиотелефондорго

 

203

6.3

- 27 МГц диапазондогу СВ радиостанцияларга

 

163

6.4

- кесипкөй эмес диапазондогу радиостанцияларга

 

54

Эскертүү:

Жыштык ыйгаруу бөлүп берүү тууралуу арыздарды кароодо РЭК жана ЖЖТ электр-магниттик шайкештигине экспертиза жүргүзүү иштери аткарылат, макулдашуулардын жана радиоконтролдун баасы (радиоконтроль жүргүзүлгөн учурда) уруксат берүүнүн баасына кошулат.