Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтомунун 4-тиркемеси
Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишиндеги атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишиндеги атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасындагы соода ишин (мындан ары - соода иши) мамлекеттик жөнгө салуунун негиздерин аныктайт.
2. Ушул Жобонун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- соода ишин уюштурууга жана ишке ашырууга карата талаптарды белгилөө аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык мейкиндиктин биримдигин жана ачык-айкындуулугун камсыздоо;
- өндүрүлгөн продукцияларга экономика тармактарынын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында соода ишин өнүктүрүү, калк үчүн товарлардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, атаандашуу чөйрөсүн түзүү, ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо;
- ишкердик иште пайдаланууга, анын ичинде сатууга же кайрадан сатууга арналып, өндүрүлгөн же сатып алынган товарларды берүү боюнча соода ишин жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактардын, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укугунун жана мыйзамдык кызыкчылыктарынын сакталышын камсыздоо.
3. Бул Жобонун ченемдери;
- тышкы соода ишин;
- товар биржаларына соода кылууну;
- баалуу кагаздарды, кыймылсыз обьекттерди, өндүрүштүк-техникалык багыттагы продукцияларды, анын ичинде электр энергиясын (кубаттуулугун), жылуулук энергиясын жана кубаттуулугун, ошондой эле энергетика ресурстарынын башка түрлөрүн сатып алуу-сатууну уюштурууга жана ишке ашырууга байланыштуу мамилелерде колдонулбайт.
2. Негизги түшүнүктөр
4. Бул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланат:
дүң соода - жекече, үй-бүлөлүк, үй чарбалык жана башка пайдалануулар менен байланышпаган, ишкердик ишинде же башка максаттарда (анын ичинде кайрадан сатууга) пайдалануу үчүн товарларды сатуу жана/же алуу боюнча ишкердик иштин түрү;
чекене соода - ишкердик ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган, жекече, үй-бүлөлүк, үй-чарбалык жана башка максаттарда пайдалануу үчүн товарларды сатуу жана/же алуу боюнча ишкердик иштин түрү;
соода объектинин аянты - товарларды коюуга, көрсөтүүгө, сатып алуучуларды тейлөөгө жана товарларды сатууда сатып алуучу менен акча эсептерин жүргүзүүгө арналган жай;
соода тармагы - жалпы башкаруунун алдындагы эки же андан көп соода объекттеринин жыйындысы же бирдиктүү коммерциялык мааниде же башка жекелештирүү каражаттарын колдонуучу эки же андан көп соода объекттеринин жыйындысы;
азык-түлүк товарлары - мыйзамдуу жүргүзүүдөгү накталай же кайрадан иштетилген продуктулар жана адам керектеген тамак-аштар (анын ичинде балдар тамак-аштары, диеталык тамак-аш продуктулары, биологиялык - активдүү кошулмалар), бөтөлкөгө куюлган ичүүчү суу, алкоголдук продукциялар, пиво жана анын негизинде даярдалган суусундуктар, алкоголсуз суусундуктар, сагыз, азык-түлүк кошулмалары.
3. Соода ишин уюштурууга жана ишке ашырууга карата талаптар
5. Соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:
- аларды уюштурууга жана ишке ашырууга карата талаптарды белгилөө;
- монополияга каршы жөнгө салуу;
- маалыматтык камсыздоо;
- мамлекеттик контролдоо (көзөмөл).
6. Соода ишин ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган ишкердик субъекттери ишке ашырат.
Соода объектилеринде товарларды кабыл алууда ченемдик укуктук актыларына жана продукциянын коопсуздугун жана сапатын тастыктоо документтерине ылайык жүргүзүлүшү керек.
7. Эгерде товарлардын айрым түрлөрүнүн бааларын, алардын бааларына соода үстөктөрүн (кошмо бааларды) мамлекеттик жөнгө салуу (анын ичинде алардын чектүү (максималдуу жана (же) минималдуу деңгээлин) белгилөө) каралса, мындай товарлардын баалары, алардын бааларына соода үстөктөрү (кошмо баалар) "Атаандаштык жөнүндө", "Баа түзүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жөнгө салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Азык-түлүк товарларын жеткирип берүү келишимдерин түзүү жана аткаруу менен байланышкан, соода тармактарын уюштуруу аркылуу соода ишин жүргүзгөн ишкер субъекттердин укуктары жана милдеттери
8. Соода тармактарын уюштуруу аркылуу соода ишин жүргүзгөн ишкер субъекттер азык-түлүк товарларын берүүнү ишке ашырган ишкер субъекттердин азык-түлүк товарларын жеткирип берүү келишимин түзүү үчүн контрагентти тандоо шарттары жөнүндө жана мындай келишимдердин олуттуу шарттары тууралуу маалыматка жеткиликтүүлүгүн "'Интернет" маалыматтык-телекоммуникациялык тармактардагы өздөрүнүн сайттарына тийиштүү маалыматтарды жайгаштыруу же тийиштүү суроо-талаптарды алган күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде кайтарымсыз негизде сураган маалыматтарды берүү аркылуу камсыз кылууга милдеттүү. Ушул сыяктуу талаптар азык-түлүк товарларын берүүнү ишке ашырган ишкер субъекттерге коюлат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Азык-түлүк товарларын берүүнү ишке ашырган ишкер субъекттери менен соода иштерин ишке ашырган ишкер субъекттердин ортосунда түзүлгөн азык-түлүк товарларын берүү келишиминин баасы, ушул Жобонун 10 жана 11-пункттарында каралгандарды эске алуу менен тараптардын азык-түлүк товарларын берүү келишиминде белгиленген азык-түлүк товарларынын баасына жараша аныкталат.
10. Тараптардын макулдугу менен азык-түлүк товарларын берүү келишимине азык-түлүк товарларын берүүнү ишке ашырган ишкер субъекттерден аныкталган өлчөмдө азык-түлүк товарларын алууга байланыштуу, соода иштерин ишке ашырган ишкер субъекттерге төлөнүүчү сый акылардын баасын киргизүү каралышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн сый акынын өлчөмү ушул келишимдин тараптарынын макулдашуусуна алынып, товардын баасы киргизилүүгө тийиш жана азык-түлүк товарларынын баасын аныктоодо эске алынбайт. Сый акынын өлчөмү алынган азык-түлүк товарларынын баасынын беш пайызынан ашпоого тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмеде көрсөтүлгөн, социалдык жактан өзгөчө маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүн сатуу ишин жүргүзгөн ишкер субъекттерге сый акыларды төлөөгө жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Азык-түлүк товарларын берүү келишиминин баасына, соода ишин жүргүзгөндүгү үчүн ишкер субъекттерге берилүүчү сый акынын башка түрлөрүн киргизүүгө, бул келишимдин шарттарын бузууга жол берилбейт.
13. Эгер, азык-түлүк товарларын берүүнү ишке ашырган ишкер субъекттер менен соода ишин жүргүзгөн ишкер субъекттердин ортосунда товарларга акыны бир канча убакыттан кийин, аларды соода иштерин жүргүзгөн ишкер субъекттерге бергенден кийин, төлөө шарттарында азык-түлүк товарларын берүү келишими түзүлгөн учурда, ушул келишим менен белгилөө үчүн мындай товарларга акы төлөө мөөнөтү төмөнкү тартиптер боюнча аныкталат:
1) социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарлары соода тармагы тарабынан товарлар сатылган датадан тартып 7 календардык күндөн кеч эмес төлөнүүгө тийиш;
2) өндүрүүчүлөр (даярдоочулар) тарабынан берилген азык-түлүк товарлары соода тармагы тарабынан товарлар сатылган датадан тартып 14 календардык күндөн кеч эмес төлөнүүгө тийиш;
3) соода ишин жүзөгө ашырган башка ишкердик субъекттери тарабынан берилген азык-түлүк товарлары тараптардын макулдашуусу боюнча төлөнүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Ушул Жобонун 13-пунктунда аныкталган, белгиленген тартиптеги мөөнөттөгү азык-түлүк товарларына акы төлөөнү азык-түлүк товарларын берүүнү ишке ашырган ишкер субъекттери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жана азык-түлүк товарларын берүү келишимине ылайык, мындай товарларды берүүгө тийиштүү документтерди берүү боюнча милдеттерди аткаргандан кийин жүзөгө ашырат.
15. Эгер азык-түлүк товарларын берүүнү ишке ашырган ишкер субъекттери, соода ишин жүргүзгөн ишкер субъекттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жана азык-түлүк товарларын берүү келишимине ылайык берилүүчү документтерди бербесе же берүүдөн баш тартса, ушул Жобонун 13-пунктунда аныкталган, белгиленген тартиптеги акы төлөө мөөнөтү соода ишин жүзөгө ашырган ишкер субъекттердин суроо-талабы боюнча азык-түлүк товарларын берүүнү ишке ашырган ишкер субъекттери тийиштүү документтерди бергенге чейин узартылат.
16. Азык-түлүк товарларын берүү келишиминде талаптарды жеңилдетүү жолу менен мындай келишим боюнча жооптуу жактарды, ошондой эле бул келишимдеги көрсөтүлгөн чектөөлөрдү тараптардын сактабагандыгы үчүн жоопкерчиликтерди алмаштырууга тыюу салынат.
17. Азык-түлүк товарларын жарнамалоо, маркетинг жана азык-түлүк товарларын илгерилетүүгө багытталган башка кызматтар боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү тийиштүү кызматтарды ыктыярдуу негизде гана кайтарымдуу көрсөтүү келишиминин негизинде соода ишин жүргүзгөн ишкердик субъекттери ишке ашырат.
18. Азык-түлүк товарларын берүү келишимине берилген азык-түлүк товарларына карата товарларды жарнамалоо, маркетинг жана азык-түлүк товарларын илгерилетүүгө багытталган башка кызматтар боюнча кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө айрым бир аракеттерди соода ишин жүзөгө ашырган ишкер субъекттердин аткаруусу жөнүндө шарттарды киргизүүгө, ошондой эле азык-түлүк товарларын илгерилетүүгө багытталган кайтарымдуу негиздеги кызмат көрсөтүүлөргө келишим түзүүгө аргасыз көндүрүү жолу менен азык-түлүк товарларын берүү келишимин түзүүгө жол берилбейт.