Загрузка документа…
КР Конституциялык сотунун 2022-жылдын 6-апрелиндеги токтомунун негизинде
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
2017-жылдын 22-марты
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппараты жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппаратынын түзүмүн жана штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын аппаратынын ишмерлигин натыйжалуу уюштурулушу маселесин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы отурумда карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
Төмөнкүлөр бекитилсин:
Конституциялык палатанын Аппараты жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
Конституциялык палатанын Аппаратынын түзүмү 2-тиркемеге ылайык;
Конституциялык палатанын Аппаратынын штаттык бирдиги отуз бир мамлекеттик кызматкер болуп, кенже тейлөөчү персонал 9 адам болуп.
Конституциялык палатанын Аппаратынын түзүмү жана штаттык бирдиги 2017-жылдын 24-апрелинен тарта күчүнө кирсин.
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
Конституциялык палатанын 2013-жылдын 9-июлундагы № 1 токтомунун үчүнчү – төртүнчү абзацтары 2017-жылдын 24-апрелинен тарта;
Конституциялык палатанын 2013-жылдын 9-июлундагы № 1 токтомунун 1-пунктунун бешинчи абзацы.
Ушул токтом кол коюлган учурдан тарта күчүнө кирет.
| Конституциялык палатанын 2017-жылдын 22-мартындагы № 02-п токтомуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппараты (андан ары -Аппарат) «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палдатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 55-беренесине ылайык анын ишмерлигин камсыз кылуу үчүн түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын (андан ары Конституциялык палата) туруктуу иштеген органы болуп саналат.
Аппараттын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби менен мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы болгон атайын бланкы болот.
Аппарат өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палдатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, башка ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, Конституциялык палатанын Регламенти, ошондой эле ушул Жобо менен жетекчилик кылат.
Аппарат ыйгарым укуктарына кирген маселелер алкагында өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана башка мамлекеттик бийлик органдарынын Аппараттары менен өз ара байланышта жүзөгө ашырат.
Аппаратка жалпы жетекчиликти Конституциялык палатанын төрагасы (төрайымы) жүзөгө ашырат.
Аппарат жөнүндө жобону, Аппараттын түзүмүн жана штаттык бирдигин Конституциялык палата бекитет.
Аппараттын негизги милдеттери жана функциялары
Аппараттын негизги милдети Конституциялык палатанын кадрдык, уюштуруучулук, илимий-аналитикалык, маалымат-маалымдамалык, материалдык-техникалык жана башка жактан камсыздалышын жүзөгө ашыруу болуп саналат.
Аппарат өзүнө алган милдеттерин чечүү үчүн өз ыйгарым укуктар алкагында төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
Конституциялык палатанын дарегине кайрылууларды алдын ала тартипте жана Конституциялык палатанын судьяларынын иликтөөсү талап кылынбаган маселелерге тиешеси болбогон учурда карайт;
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын отурумдарын жана Конституциялык палатанын уюштуруучулук, аналитикалык, маалыма-маалымдамалык жана документациялык жактан камсыздалышын, Конституциялык палатанын төрагасынын (төрайымынын), анын орун басарларынын тапшырмаларын аткарылышын жүзөгө ашырат;