Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2014-жылдын 28-ноябры № 681

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын социалдык-укуктук жактан коргоону жакшыртуу максатында, “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” жана “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- 2-пункт “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине,” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына” деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана бөөдө кырсыктардын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуунун тартибинде:

5-пункт “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети,” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы” деген сөздөр менен толукталсын.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 237 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын интернет-ресурстарынын даректерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын интернет-ресурстарынын даректеринде:

“Мамлекеттик кызматтар” бөлүмүнүн онунчу абзацындагы “http://www.pogran.gov.kg” деген сөздөр “http://www.border.gov.kg” деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев