Редакцияот 18.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 18-февралы № 73

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралар планын ("жол картасын") ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

2-пункт "күчүнө кирет" деген сөздөрдөн мурун "36 ай өткөндөн кийин" деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев