Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын 19-майындагы № 353

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

2015-жылдын 24-марты № 151

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Жер участокторуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартибин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 311 "Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана берүү тартиби тууралуу жободо:

- 6-пункттун сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 11-пункт "бөлүүдө" деген сөздөн кийин "же кошууда" деген сөздөр менен, "бөлүү" деген сөздөн кийин "же кошуу" деген сөздөр менен толукталсын;

- 16-пунктта:

төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жер участогунун жалпы аянты, анын ичинен жерлердин түрлөрүн көрсөтүү менен аянты;";

бешинчи абзац "максаттуу" деген сөздөн мурун "категориясы жана" деген сөздөр менен толукталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:

"жер участогунун аянты;";