Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 8-апрели № 203

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 180 “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата ар жылдагы кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча социалдык колдоо көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 180 “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата ар жылдагы кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттагы “10000 (он миң)” деген цифралар жана сөздөр “15000 (он беш миң)” деген цифраларга жана сөздөргө, “5000 (беш миң)”  деген цифралар жана сөздөр “10000 (он миң)” деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине республикалык бюджеттин каражаттарынан 2015-жылы жыл сайын кошумча бир жолу берилүүчү акчалай жөлөкпулду төлөөгө кошумча акча каражаттарды издеп тапсын жана бөлүп берсин;

 - “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  долбооруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуш даярдасын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү  бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев