Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 306 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн (ревизордун) ишин баалоо жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн (ревизордун) ишин баалоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун (мындан ары - коом) Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн (ревизордун) ишине баалоо жүргүзүү критерийлерин, ыкмаларын жана жол-жоболорун аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Жобого ылайык мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн коомдун Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн (ревизордун) ишине милдеттүү түрдө баалоо жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ревизиялык комиссиянын мүчөсүнүн (ревизордун) ишин баалоонун максаты болуп коомдун иш-аракетине алардын жекече салымын, ошондой эле коомдун акционерлеринин кызыкчылыгын коргоо үчүн кылган аракеттерин баалоо саналат.
4. Коомдун Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн (ревизордун) ишин баалоо мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдо акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар (мындан ары - Маморган) жана коомдун Директорлор кеңеши тарабынан ушул Жобонун тиркемесине ылайык анкета боюнча жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ревизиялык комиссиянын мүчөсүнө (ревизоруна) берилген бааны аныктоо Директорлор кеңеши жана анын комитеттеринин жыйындарынын протоколдорунун маалыматтарынын, Ревизиялык комиссиянын баалоого алынган мүчөсү даярдаган отчёттордун жана материалдардын, Маморганга жана Директорлор кеңешине берилген Ревизиялык комиссиянын жана башка документтеринин негизинде камсыздалат.
Коомдун Ревизиялык комиссиянын мүчөсүнүн (ревизорунун) ишин баалоо боюнча коомдун Директорлор кеңеши толтурулган формасы коомдун Директорлор кеңешинин жыйынында бекитилет жана Директорлор кеңешинин төрагасы тарабынан ушул Жобонун 6-пунктунда аныкталган мөөнөттөр аяктагандан кийин 10 күндөн кечиктирбестен Маморганга жиберилет.
Коомдун Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн (ревизорун) ишин баалоо боюнча Маморган толтурган формасына ушул маселеге жооптуу Маморгандын адамдары тарабынан кол коюлат.
6. Баалоо жылына 2 жолу өткөрүлөт:
- биринчи жолу - акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өткөн күндөн баштап, 6 айлык мезгили үчүн;
- экинчи жолу - акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өткөн күндөн баштап, акционерлердин кийинки жылдык жалпы чогулушу өткөрүлүүчү айда, айдын аягына чейин.
7. Маморган баалоонун толтурулган формаларын жалпылап, Ревизиялык комиссиянын ар бир мүчөсүнүн (ревизорунун) ишин баалоонун жалпыланган көрсөткүчтөрүн эсептейт.
Маморган Ревизиялык комиссиянын мүчөсүн (ревизорун) анын ишин баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырууга, ошондой эле анын жыйынтыктарын коомдун Директорлор кеңешине билдирүүгө милдеттүү.
8. Маморган тарабынан эсептелүүчү баалоонун жалпыланган көрсөткүчү коомдун Ревизиялык комиссиясынын тийиштүү мүчөсүнө же болбосо ревизоруна карата толтурулган эки анкетанын ар бири боюнча баалоонун жалпы көрсөткүчтөрүнүн орточо арифметикалык мааниси катары эсептелет. Баалоонун жалпыланган көрсөткүчтөрүн эсептөө документ түрүндө таризделүүгө жана Маморгандын ыйгарым укуктуу адамынын колу коюлууга тийиш.
Маморган жана анын кызматкерлери аларга берилген субъективдүү баалоонун жыйынтыктарын ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн максаттардан тышкары башкача түрдө колдонууга укуксуз.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Ревизиялык комиссиянын мүчөсүнүн (ревизордун) ишин баалоонун жалпыланган көрсөткүчү жалпы кабыл алынган шкалага которулат:
0,9дан 1,0 чейин - "эң жакшы",
0,7ден 0,9 чейин - "жакшы",
0,5тен 0,7 чейин - "канааттандырарлык",
0,5тен төмөн - "канааттандырарлык эмес"
жана Маморган тарабынан төмөнкү максаттарда колдонулат:
- коомдордун акционерлеринин жалпы чогулушунда Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүн (ревизорду) материалдык сыйлоо жөнүндө маселени демилгелөө;
- тиешелүү адамдын коомдун Ревизиялык комиссиясынын курамында же болбосо ревизору кызматында андан ары болуусу, башкача айтканда же аны жаңы мөөнөткө кайра шайлоо, же болбосо анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- Ревизиялык комиссиянын (ревизордун) ишин жакшыртуу жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)