КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-апрели № 230
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасында үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоонун механизмин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускама, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду даярдоо, тандоо, бекитүү, каржылоо жана ишке ашыруу механизмин киргизүү боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен иш жүргүзсүн.
3. 2016-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 462 "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом:
- үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду даярдоо жана тандоо бөлүгү боюнча 2015-жылдын 1-майынан тартып;
- үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду бекитүү, каржылоо жана ишке ашыруу бөлүгү боюнча 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |