Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 103 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтому менен бекитилген |
Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2017-жалдын 3-мартындагы № 138, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 247 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жобо
1. Ушул Нускама дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду толтуруунун, тариздөөнүн жана ишке ашыруунун тартибин аныктайт.
2. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ушул Нускаманын жана Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобонун талаптарына ылайык келген долбоорлорго конкурстук негизде берилет.
3. Бул Нускамада төмөнкүдөй аныктамалар пайдаланылат:
демилгелөөчү топ - дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жалпы кызыкчылык менен бириккен жарандардын жана башка кызыкдар жактардын тобу;
өнүктүрүү программасы - жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүнүн орточо мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү максаттарын жана милдеттерин аныктоочу документ. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары, инвестициялык программалар жана программалык багыттагы башка документтер өнүктүрүү программасы болуп саналат;
инжиниринг кызматтарын көрсөтүү боюнча адис - оңдоо жана курулуш иштерин аткаруунун сапатын жогорулатууга багытталган долбоорлорду даярдоодо жана ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коммерциялык негиздеги кызматтарды көрсөтүүчү, тийиштүү квалификациялык сертификаты бар адис.
4. Долбоорду даярдоонун жана ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө айкындуулукту жана коомчулукка маалымдуулугун камсыздоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан демилгелөөчү топ түзүлөт жана анын лидери шайланат.
5. Демилгелөөчү топтун курамына:
- долбоорду ишке ашыруудан пайда алуучу коомчулуктун өкүлдөрү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын кызмат адамдары;