КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-июну № 367
Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 515 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун механизмдерин алдын ала иштеп чыгуу жана технологияларын сыноо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-апрелиндеги № 256 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Токой тармагын өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 515 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттик:
- Кыргыз Республикасынын токой секторунун абалын изилдеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун негизги багыттарын иштеп чыгуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзсүн;
- токой тармагын реформалоонун негизги багыттарын иштеп чыгуу процессиндеги өз ара аракеттенүү жана анын ачыктыгын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Консультациялык-координациялык кеңешти уюштурсун;
- эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларынын тизмегин алардын ишин изилдөө жана токойлорду башкаруунун жаңы ыкмаларын сыноо аркылуу токой секторун реформалоонун негизги багыттарын иштеп чыгуу үчүн аныктасын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чараларды жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча:
2016-жылдын 20-февралына чейин токой тармагындагы учурдагы кырдаалдын анализин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин;
2017-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун маселелери боюнча сунуштарды берсин;
- эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларын финансылоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине тиешелүү жылдык республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
3-1. Эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкерлерине сыйлыктын өлчөмүн эсептөөнүн жана дем берүү фондун түзүүнүн убактылуу тартиби 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 515 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 23-июнунда N 58 жарыяланды
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Т.Сариев |
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 367 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 515 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн иш-чараларды уюштурууну жана өткөрүүнү аныктайт.
2. Ушул Жобо эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларына таралат.
3. Токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараны айлана-чөйрөнү коргоо жана токой жана аңчылык чарбасын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Консультациялык-координациялык кеңеш менен бирге ишке ашырат.
4. Консультациялык-координациялык кеңеш жөнүндө жобо айлана-чөйрөнү коргоо жана Кыргыз Республикасынын токой жана аңчылык чарбасын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
5. Консультациялык-координациялык кеңештин чечими сунуштама мүнөзүндө болот.
2. Максаттары жана милдеттери
6. Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларынын аймактарында токойлорду башкаруунун жаңы ыкмаларынын практикалык тажрыйбасын эске алуу менен токой тармагын акырындап реформалоонун ыкмаларын жана багыттарын иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын токой тармагынын узак мөөнөттүү туруктуу иштөөсүн башкаруудагы жана уюштуруудагы жаңы ыкмаларды киргизүү.
7. Жогоруда аталган максаттарга жетишүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын токой секторундагы азыркы учурдагы кырдаалды талдоо жана ага баа берүү;
- токой жана чектеш мыйзамдарды жакшыртуу жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- токойлорду жана персоналды туруктуу башкарууну финансылоо үчүн эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларына каражаттарды бөлүштүрүүдөгү жана пайдалануудагы ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү аркылуу токой чарбасын финансылык башкаруудагы жаңы ыкмаларды сыноо жана киргизүү;
- токой чарбаларынын чарбалык жана контролдук жөнгө салуучу функцияларын бөлүштүрүү жолу менен токой чарбасын башкаруудагы азыркы менеджментти киргизүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө;
- эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларынын чарбалык ишин жүргүзүүнүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик-жекече өнөктөштүктүн принциптерине негизделген жаңы ыкмаларын киргизүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө;
- эксперименттик (пилоттук) токой чарбасын башкарууда "жашыл экономика" принциптерин киргизүү;
- токой реформасынын негизги багыттарын, аны ишке ашыруунун мөөнөттөрүн жана методдорун аныктоо.
8. Башкаруунун түзүмдөрүн кайра уюштуруунун, эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларынын ишинин натыйжалуулугун жакшыртуунун жана узак мөөнөттүү пландаштыруунун негизинде контролдук функцияларды күчөтүүнүн эсебинен алдыга коюлган максаттарга жетүүнү камсыздоо болжолдонот.
9. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 515 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. Долбоордун этаптарын ырааттуу ишке ашырууну сактоо максатында токойлорду башкаруудагы жаңы ыкмаларды сыноону өткөрүү мезгилинде эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларынын жетекчилери жагындагы кадрдык маселелерди чечүү Консультациялык-координациялык кеңештин сунуштарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
11. Токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү мезгилинде эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын ишинде төмөнкү ыкмалар каралууга тийиш:
- айлана-чөйрөнү коргоо жана токой, аңчылык чарбасын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдаштыкта бюджеттик каражаттарды (анын ичинде атайын каражаттарды) реформалоонун максаттарына ылайык, анын ичинде реформалоо процессинде бошотулгандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте так пайдалануу;
- региондун токойлорун туруктуу башкарууга адаптациялоо үчүн токой чарбасынын ички түзүмдөрүн оптималдаштыруу, анын ичинде штаттык ырааттаманы, функциялык милдеттерди жана персоналды башкаруу процессин кайра караштыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте токойлорду туруктуу башкарууга жетишүү үчүн эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын мамлекеттик мүлкүн натыйжалуу башкаруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматкерлердин эмгектик катышуусунун коэффициентинин жана жекече эмгектик салымына баа берүүнүн эсебинин негизинде эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкерлеринин эмгек акы фондусунун өлчөмүн аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын ишинин натыйжалуулугун эң майнаптуу камсыздоо чөйрөсүнө ресурстарды, анын ичинде акча каражаттарын жумшоо;
- кызмат көрсөтүүлөр чыгымдарын жабуу жана токой чарбасынын объекттерин күтүү үчүн, ошондой эле токой өсүмдүктөрү жана токой чарбалык иш-чараларды жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кирешелерди башкаруу;
- субъекттерге токой чарбалык жана токой өсүмдүктөрү иштеринин айрым түрлөрүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик-жекече өнөктөштүк принциптеринин негизинде аткарууга берүү;
- мыйзамда белгиленген тартипте туристтик-рекреациялык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана көрсөтүү;
- айлана-чөйрөнү коргоо жана токой, аңчылык чарбасын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдаштыкта эксперименттик (пилоттук) токой чарбалардын аймактарында иштеген субъекттердин финансылык чарбалык иш-пландарын бекитүү.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 515 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларын башкаруунун интеграцияланган пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
13. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токой пайдалануу жана чарбалык иштен түшкөн бардык кирешелер белгиленген тартипте тиешелүү казыналык эсепте эске алынууга жана жайгаштырылууга тийиш.
14. Эксперименттик (пилоттук) токой чарбалары Консультациялык-координациялык кеңештин алдында өздөрүнүн иши жөнүндө дайыма отчет берип турушат, жер-жерлерде токой секторун реформалоонун максаттары жана милдеттери жөнүндө маалыматтык өнөктүктү жүргүзүшөт.