Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 410 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо эрежелери (мындан ары - Эрежелер) "Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасындагы көлмөлөрүндөгү ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону жүргүзүүнүн шарттарын жана тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Эрежелердин колдонулушу мамлекеттик корук суу участокторунан жана товардык балык өстүрүү, өнөр жайлык балык уулоо жана балык запастарын кайта өндүрүү максаттарында бекитилип берилген суу акваторияларынын участогунан башка бардык көлмөлөргө жана өзөн-сууларга тарайт.
3. Ушул эрежелерде төмөндөгү негизги терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо - эс алуу жана спорт менен машыгуу максаттарында (рекреациялык максаттарда) киреше табуу максатында, жекече керектөө үчүн жеке адамдар ишке ашыруучу ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо объектилерин кармоо иши;
лимит - белгилүү бир балык түрлөрүнүн, белгилүү бир көлмөлөрдөн жана белгилүү бир мөөнөттөрдө балык запастарынын туруктуу жашоосун жана калыбына келүүсүн камсыз кылуучу, балык уулоонун жол берилген чектүү көлөмү;
балык уулоонун ченеми - ышкыбоздук жана спорттук балык уулоочу жарандар үчүн белгиленген, бир адамга эсептелген балык уулоонун чектүү көлөмү;
ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо объектилери - табигый эркин абалдагы балыктар, суу омурткасыздары, башка суу биоресурстары жана балыктандыруу объектилери;
балыктандыруу объектилери - байырлоочу жерлердин ареалын кеңейтүү жана ышкыбоздук, спорттук балык уулоо объектиси катары пайдалануу үчүн, башка суу объектилерине көчүрүп келүү максатында табигый же жасалма көлмөлөрдөн кармалып алынган балыктын баалуу түрлөрү;
рекреациялык балык чарбасы - ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо жаатында, балыктандыруунун негизинде көлмөлөрдө жана балык уулоо участокторунда жеке жактарга чыгымдарды төлөп берүү боюнча кызмат көрсөтүүчү иш;
балык уулоо жайлары - балыктардын жашоосунун жана өсүүсүнүн чөйрөсү болгон, же болбосо анын көбөйүүсү, эт алуусу, кыштоосу, миграциясы үчүн маанилүү болгон, ошондой эле ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо үчүн пайдаланылган же пайдаланылышы мүмкүн болгон көлмөлөрдүн акваториясы, суу агымы же алардын кандайдыр бир бөлүгү;
балык уулоо участогу - ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо үчүн атайын белгиленген чек араларда түзүлгөн бүтүндөй суу объектиси (көл, суу сактагыч, дарыя) же анын бөлүгү;
ышкыбоз балык уулоочу - балык уулоо эрежелерине ылайык ышкыбоздук жана спорттук балык уулоого укук алган жеке адамдар;
олжо балык - өндүрүштүк же ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо процессинде кармалган балыктар көлөмү.
2. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону өткөрүү тартиби
4. Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө, балык уулоо участокторунда жана дарыяларында ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун объектилерин жана балыктын баалуу чектелген түрлөрүн (өзөн-суу форелин жана өзөн суу чаарын) кармоо балык чарбасын башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын балык уулоо билеттери жана карточкалары боюнча аткарылат.
5. Балык уулоо субъектилерине, коомдук уюмдарга жана балык уулоочулар ассоциацияларына (мындан ары - көлмөлөрдү пайдалануучулар) бекитилген суу объектилеринде ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун объектилерин (чабак, чебачок, көк серке, сазан, бакма каңылтыр, чоң муруттуу балык (усач), чортон, жаян, маринка, макоо балык, амур, карась, алабуга, красноперка, тыран, кубулжума кара балык, плотва) кармоо ошол көлмөлөрдүн пайдалануучуларынын берген жолдомолору боюнча жүргүзүлөт.
6. Пайдаланууга берилген көлмөлөрдө, балык уулоо участокторунда ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу, өткөрүү шарттары жана тартиби, балык чарбасын башкаруучу мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы менен көлмөлөрдү пайдалануучулардын ортосундагы келишимдин негизинде белгиленет.
7. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун объектилери болгон балыктын чектелген баалуу түрлөрүн кармоо көлөмү, илимий уюмдун макулдугу менен балык чарбасын башкаруучу мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган койгон чектер (ченемдер) менен чектелет.
8. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону жүргүзгөн менен алектенген жарандар:
- ушул Эрежелерди жана алар келген көлмөдө (көлмөнүн участогунда) белгиленген балык уулоо режимин сактоого;
- көлмөлөрдүн санитардык абалын сактоого, муздун үстүндө, жээктерде таштандыларды жана башка калдыктарды калтырбай, көлмөлөрдүн булгануусуна жол бербөөгө;
- көлмөлөрдө жана балык уулоо - спорттук базаларда коомдук тартипти бузбоого, балык запастарын коргоо кызматынын кызматкерлерине балык уулоо эрежелерин бузууларды токтотууга көмөк көрсөтүүгө;
- ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо укугун берүүчү балык уулоо документтерин жандарында алып жүрүүгө жана текшерүү үчүн балык запастарын, курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук кызматынын кызматкерлерине көрсөтүүгө;
- көлмөлөрдөгү жана алардын жээктериндеги көрнөктөрдү, аншлагдарды жана башка балык уулоону жөнгө салуу боюнча эскерткич белгилерди бузуп зыян келтирүүгө жол бербөөгө милдеттүү.