Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 9-январындагы № 1
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы № 536 токтому менен бекитилген |
Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү тууралуу күбөлүктү берүүнүн, колдонулушун токтотуунун жана чакыртып алуунун ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү тууралуу күбөлүктү берүүдөгү, колдонулушун токтотуудагы жана чакыртып алуудагы аракеттерди жөнгө салат.
2. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү тууралуу күбөлүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизилген юридикалык жактарга берилет.
3. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорду реестрге киргизүү Бажы бирлигинин Бажы кодексине, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Тартиптин 2-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Мамлекеттик мекеме ыйгарым укуктуу экономикалык оператор боло албайт.
2. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүүнүн жол-жобосу
5. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү үчүн юридикалык жак бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20 жана 21-беренелеринде каралган маалыматтарды жана документтерди тиркөө менен ушул Тартиптин тиркемесине ылайык формадагы арызды берет.
6. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүчү тиркелген документтер жана маалыматтар төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүсү керек:
- юридикалык жактын ээлигинде турган арыз берүүчүнүн товарларынын убактылуу сакталышын жүзөгө ашырган жана (же) товарлардын бажы операцияларын жүргүзгөн жайлардын жана (же) ачык аянттардын жана башка аймактардын жайгашкан жери жөнүндө маалымат, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 185 токтому менен бекитилген Бажы кампаларынын жана убактылуу сактоо кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылуусуна жана иштөө режимине карата талаптардын 7-пунктунун "а" - "г" пунктчаларына, 8-10-пункттарына, 13-пункттун "а" - "г", "е" пунктчаларына ылайык келүүсү жөнүндө маалыматтын болушу;
- бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзүүчү Банктардын жана башка кредиттик уюмдардын реестрине киргизилген банк-кепил тарабынан берилген, банк кепилдиги катары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 39-беренесинин 1-пунктчасында аталган суммадан кем эмес сумма банк кепилдигин берүүнүн мөөнөтүн көрсөтүү менен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы бажы алымдарынын, салыктардын төлөнүшүн ырастаган банк-кепилдин кат жүзүндөгү милдеттенмеси.
Банк кепилдиги катары салыктарды, бажы алымдарын төлөөнүн камсыздалышын ырастаган бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында банк-кепилдин кат жүзүндөгү милдеттенмесинин мөөнөтү аяктаган учурда юридикалык жак үч иш күндүн ичинде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул пункттун үчүнчү абзацында белгиленген эрежелер боюнча банк-кепилдин жазуу жүзүндөгү жаңы милдеттенмесин берүүгө тийиш;
- көз карандысыз аудитордук отчет жана (же) аудитордук отчеттор менен ырасталган, эки жүз миң эсептешүү көрсөткүчүнөн кем болбогон өлчөмдөгү юридикалык жактын толугу менен түзүлгөн уставдык капиталы тууралуу маалыматтын болуусу;