Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 9-январындагы № 1
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
5-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы № 536 токтому менен бекитилген |
Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорго карата тобокелдик индикаторлорун колдонуунун ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Товарлар жөнүндө маалымат топтоо жеке тескөөсүндөгү, ошондой эле ушундай булактардан түшүүчү маалыматтардын негизинде бажы органы тарабынан жүргүзүлөт. Айрым маалыматтарды иштеп чыгуу тобокелдиктин деңгээлин жана тобокелдиктин алдын алуу жана (же) минималдаштыруу үчүн жетиштүү болгон бажы контролунун даражасын аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
2. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорго карата тобокелдик индикаторун колдонуунун максаты болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорго карата тобокелдиктерди аныктоо;
2) тобокелдиктин даражасын (деңгээлин) баалоо;
3) анын негизинде тобокелдиктин багытын иштеп чыгуу;
4) бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөөдөн баш тартуу (БТжС) тобокелдигин минималдаштыруу.
2. Пайдалануучу маалыматтардын булагы
3. Тобокелдиктин индикаторлорун эсептөөдө төмөнкүдөй маалыматтар булагы пайдаланылат:
1) товарларга декларациянын электрондук көчүрмөсүнүн маалымат базасы;
2) тышкы экономикалык иштин бирдиктүү товардык номенклатурасы жана Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү бажы тарифи (мындан ары - ЕТТ ЕАЭБ);
3) маалыматтын башка булактары.