Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" ПРОГРАММАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 501, 2017-жылдын 24-августундагы № 537 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Иштеп чыгуу үчүн өбөлгөлөр жана актуалдуулугу
1. Ушул Программанын максаты:
- өлкөнүн бардык региондорунда арзан турак жайларды керектүү көлөмдө куруу;
- турак жайды сатып алуу боюнча жеткиликтүү ипотекалык механизмдерди камсыз кылуу;
- өлкөнүн банк системасын кайра каржылоо механизми менен жеткиликтүү ипотекалык кредиттөө программаларына тартуу боюнча чараларды ишке ашыруу аркылуу Кыргыз Республикасында турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
2. Калктын турак жайды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) тарабынан 2000-жылдан баштап айрым чаралар көрүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-апрелиндеги № 188 токтому менен 2010-жылга чейин турак жайды куруу боюнча мамлекеттик программа бекитилген, программада он жылдын ичинде (2001-2010-жж.) 17,6 млн. кв.м, анын ичинен 2001-2005-жылдары 6,1 млн. кв.м турак жайды куруу каралган. Мамлекеттик программаны ишке ашырууга 197,9 млрд. сом, анын ичинде 11,8 млрд. сом бюджеттик каражат талап кылынган. 2001-2005-жылдары иш жүзүндө 2,3 млн. кв.м колдонууга киргизилген, бул пландалгандан үч эсеге аз болгон. Мамлекеттик каражаттардын эсебинен 9,2 миң кв.м турак жай курулган. Натыйжада, мамлекеттик каражаттардын эсебинен турак жайды колдонууга киргизүүнүн жалпы көлөмүнүн 6 пайызы өлчөмүнүн ордуна, иш жүзүндө турак жайды пайдаланууга берүүнүн жалпы көлөмүнүн 0,8 пайызын гана түздү.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-ноябрындагы № 562 токтому менен бекитилген 2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында турак жай куруунун улуттук программанын алкагында дээрлик 5,1 млн. кв.м турак жайды куруу пландалган. Бекитилген программа бюджеттик каржылоо мүмкүнчүлүгүн эске алуусуз иштелип чыккандыктан, региондордо иш жүргүзүү токтотулган. Натыйжада, пландалган 4,1 млн. кв.м социалдык турак жайдын ордуна 2008-2010-жылдары 65 миң кв.м жакын көлөмдө социалдык турак жай курулган. (1-диаграмма).
1-диаграмма. Менчиктин түрлөрү боюнча турак жайды пайдаланууга берүү, миң кв.м
4. Социалдык турак жайларды курууну өнүктүрүү максатында Өкмөт тарабынан калктын социалдык жактан корголбогон катмарына багытталган бир катар долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылган.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Финансы министрлиги) тарабынан 2007-2010-жылдары "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк" жабык акционердик коому (KICB) коммерциялык банкынын финансылык ресурстарын тартуу менен Бишкек шаарынын "Жал" кичирайонунда 198 батирге эсептелген көп батирлүү 3 арзан турак жайды куруунун долбоору ишке ашырылган. Бул долбоордо коммерциялык банктардын пайыздык ставкаларын субсидиялоонун механизми ишке ашырылган, мында Финансы министрлиги 14 пайыздан 6 пайыз өлчөмүндө ипотекалык кредиттин пайыздык ставкаларын субсидиялаган.