Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 620 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы № 568 токтому менен бекитилген |
Борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүүнүн ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип борборлоштурулган сатып алууларды уюштуруунун жалпы укуктук жана экономикалык принциптерин белгилейт жана аларды жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Тартиптин негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- борборлоштурулган тартипте мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү;
- сатып алуулардын үнөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу, сатып алуучу уюмдарга жардам көрсөтүү, ак ниет атаандаштыкты кеңейтүү жана камсыз кылуу;
- акча каражаттарын натыйжалуу пайдалануу.
3. Борборлоштурулган сатып алууларды уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан ишке ашырылат.
4. Ыйгарым укуктуу органдын жана ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- сатып алуулардын максималдуу үнөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу;
- сатып алууларды ишке ашыруу процессинде берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) катышуусун кеңейтүү жана алардын ортосунда атаандаштыкты өнүктүрүү;
- берүүчүлөрдүн (подрядчылар) баардыгына адилет мамилени камсыз кылуу;
- сатып алуулардын жол-жоболорунун акыйкаттуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу.