Редакцияот 25.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 25-сентябры № 663

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Санариптик телерадиоберүүнүн сапаттуу маалыматтарын алууда жарандардын керектөөлөрүн канааттандыруу, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетинде:

- 5-пунктунун "Социалдык пакеттин телеканалдарын ээлеген телерадиоуюмдар" деген графасы төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи сап менен толукталсын:

"

"ОшТВ" телерадиокомпаниясы жоопкерчилиги чектелген коому

".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев