Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 24-ноябры № 800
"Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине езгөртүүлөрдү киргизүү жөнүнде" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-берене
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж. № 10, 442-бер.) төмөнкүдөй өзгөртуүлөр киргизилсин:
1) 34-берененин 2-бѳлүгүнүн 1-пунктундагы "мыйзамдын" деген сез "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 155-берене төмөнкγдөй мазмундагы (11) бөлүгү менен толукталсын: