Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-ноябры № 788
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 216, 2017-жылдын 17-январы № 28, КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 21-ноябрындагы № 654 , 2024-жылдын 27-августундагы № 527 , 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын ишин жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын орто кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттары 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттары 2-тиркемеге ылайык.
- (Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 527, 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген типтүү штаттарга ылайык аныкталган кызматкерлердин жалпы штаттык санынын чегинде өздөрүнүн штаттык тизимине өзгөртүүлөрдү киргизе алыша тургандыгы белгиленсин.
Өзгөртүүлөрдүн саны кызматкерлердин жалпы санын, анын ичинде жетекчилердин, бөлүмдөрдүн, бөлүнүштөрдүн жана башка өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчыларынын (начальниктеринин) санын жана билим берүү уюмунун бекитилген эмгек акы фондун өзгөртпөстөн, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин санынын 5 пайызынан ашпоосу керек.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январы № 28 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Бул токтомдун талаптары өзгөчө статусу бар жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына жайылтылбайт. Өзгөчө статусу бар жогорку кесиптик билим берүү уюмдары ички башкаруу түзүмүн жана кызматкерлеринин штаттык санын көзөмөлчүлүк кеңештери менен макулдашуу боюнча өз алдынча аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 654 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |