Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

2015-жылдын 28-декабры № 886

“Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун  Гавриловка айыл аймагындагы Жыламыш айылын  Жангарач айылына өзгөртүп атоо жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр жактырылсын:

- “Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Гавриловка айыл аймагындагы Жыламыш айылын Жангарач айылына өзгөртүп атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- “Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Гавриловка айыл аймагындагы Жыламыш айылын Жангарач айылына өзгөртүп атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун 

Гавриловка айыл аймагындагы Жыламыш айылын