Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

2016-жылдын 18-январы № 16

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 "Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу тарифтерин жана камсыздандыруу суммаларынын өлчөмүн (жоопкерчилик лимиттерин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 "Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу тарифтерин жана камсыздандыруу суммаларынын өлчөмүн (жоопкерчилик лимиттерин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун суммаларынын минимум өлчөмдөрү жана камсыздандыруу акысынын тарифтери ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А.Сариев

 

 

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген

Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун суммаларынын минимум өлчөмдөрү жана камсыздандыруу акысынын ТАРИФТЕРИ

Жүк ташуучу транспорт каражатынын бир бирдиги үчүн жылдык камсыздандыруу сыйлыгы камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмүнө базалык камсыздандыруу тарифинин көбөйтүндүсүнө барабар.

Камсыздандыруунун базалык тарифи 1 пайызга барабар. Белгиленген базалык тариф жылдык болуп эсептелет.

Ар бир жүк ташуучу транспорт каражатына камсыздандыруу келишими өзүнчө түзүлөт.

Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасы кооптуу жүктүн классына жана жүк ташуучу транспорт каражатынын жүк көтөрүмдүүлүгүнө көз каранды жана төмөнкү таблицага ылайык белгиленген минималдуу камсыздандыруу суммасынан аз болбошу керек: