Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2016-жылдын 16-майы № 252

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформа концепциясын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө жобонун мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттерин шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө жобонун 2-пунктунда:

- мамлекеттик тилдеги текстиндеги "чечими" деген сөз "буйругу" деген сөз менен алмаштырылсын;

- расмий тилдеги текстиндеги "Правительства" деген сөз "Премьер-министра" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков