КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-июну № 293
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650, 2026-жылдын 14-мартындагы № 178
, 2026-жылдын 28-сентябрындагы № 648 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын айрым чечимдерин "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы № 648 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-сентябрындагы № 526 "Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жободо:
- 4-главасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Талапкер апелляциялык комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда, бул чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте доо-арыз берилиши мүмкүн.".
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |