Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

(КР Өкмөтүнүн  2016-жылдын 30-декабрындагы N 711, 2024-жылдын 16-февралындагы № 60 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2016-жылдын 27-майы № 280

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Саламаттык сактоо системасынын мамлекеттик илимий мекемелеринде башкаруучулук ишти тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 60 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун уставында:

- 23-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"23. Институттун жетекчисин шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-февралындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун уставын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун уставында:

- 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"24. Борбордун директорун шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат".

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 120 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборунун уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборунун уставында:

- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: