Загрузка документа…
Тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы №521 токтому менен бекитилген
|
Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 841 , КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 408 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жардыруу иштериндеги ушул коопсуздук эрежелери (мындан ары – Эрежелер) өнөр жай багытындагы жардыргыч материалдарды пайдалануу менен иш жүргүзгөн жарылгыч материалдарды колдонуучу субъекттерге карата коюлуучу талаптарды белгилейт, «Жардыргыч заттардын жана алардын негизиндеги буюмдардын коопсуздугу жөнүндө» Бажы бирлигинин Техникалык регламентинде (БС ТР 028/2012) башка талаптар белгиленбеген учурда колдонулат.
2. Ушул Эрежелер гранулдаштырылган жана сууну камтыган өнөр жай багытындагы жарылгыч заттар өндүрүшүнүн стационардык пункттарынын түзүлүшүнө (мындан ары – «өндүрүш пункттары») жана аларды пайдаланууга, көрсөтүлгөн жарылгыч заттар өндүрүшү үчүн орто аралык компоненттерине, аралашмаларына, эмульсияларына жана заводдон өндүрүлгөн жарылгыч заттарды колдонууга даярдоо пункттарына (заводдон өндүрүлгөн жарылгыч заттарды тарадан чыгаруу жана аларды дүрмөттүк-транспорттук машиналарына жүктөө) коюлуучу талаптарды белгилейт.
3. Ушул Эрежелердин талаптары жер үстүндөгү жана жер астындагы рудниктер менен шахта казууларында жайгаштырылган гранулдаштырылган жана сууну камтыган өнөр жайлык багыттагы жардыргыч заттарды (мындан ары – «жардыргыч заттар») өндүрүүчү жана даярдоочу пункттарга таралат.
Ушул Эрежелердин талаптары өзү жүрүүчү аралаштыруу-дүрмөттөө машиналарында жардыргыч заттарды өндүрүүгө таралбайт.
4. Өнөр жай багытындагы бардык жардыргыч материалдар (жардыргыч заттар, тутандыруу каражаттары жана аткылоочу-жардыруучу аппаратура) кооптуулуктун 1-классына тийиштүү жана буларды сактоодогу жана ташуудагы шайкештиктин топторуна (ушул Эрежелердин 1-тиркемеси), сезгичтик боюнча подкласстарга (ушул Эрежелердин 2-тиркемеси) бөлүнүшөт жана колдонуу шарттары боюнча классификацияланат (ушул Эрежелердин 3-тиркемеси).
2-глава. Жардыргыч материалдарды сыноого талаптар
5. Сактоо жана колдонуу үчүн жарактуулугун аныктоо максатында бардык жардыргыч материалдарды керектөөчү уюм сынап көрүүсү керек:
жардыргыч материалдарды керектөөчү уюмдун кампасына (мындан ары – ЖМ кампасы) алынып келгенде (кириш көзөмөлү);
сапаттуулугуна күмөн пайда болгондо (тышкы көрүнүшү боюнча же жардыруу иштеринин канааттанарлык эмес натыйжасы – толук жарылбоо, жарылбай калуу);
кепилдик мөөнөтүнүн аяктоосу алдында, эгер кепилдик мөөнөтүн узартуунун андай мүмкүнчүлүгү тиешелүү жардыргыч материалдардын документтеринде каралган болсо.
Жардыргыч материалдар бир уюмга тиешелүү ЖМнын базистик кампасынан сарптоочу кампасына түшкөндө сыноону өткөрбөсө болот.
Тиешелүү жардыргыч материалдарга карата сыноолор ЖМнын кампаларынын лабораторияларында же ченемдердин талаптарына, техникалык шарттарына (инструкциялар, колдонуу боюнча колдонмолор) ылайык келген полигондордо жүргүзүлөт.
Сыноолордун натыйжалары акт менен таризделип, кийин ушул Эрежелердин 4 жана 5-тиркемелерине ылайык, жарылгыч материалдарды сыноону эсепке алуу журналына жазылат.
Кепилдик мөөнөтү бүткөн жарылгыч материалдарды колдонууга жана сактоого тыюу салынат.
3-глава. Жардыргыч заттарды кургатууга, майдалоого, ыргоого, эритүүгө жалпы талаптар