Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-марты № 155
Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 734 токтомунун редакциясына ылайык)
Натыйжалуу визалык саясатты түзүү максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускама (мындан ары - Нускама) 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын визалык чаптамасынын баяндамасы жана анын үлгүлөрү 2-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 734 токтомунун редакциясына ылайык)
Көңүл буруңуздар! КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык 2026-жылдын 31-декабрына чейин берилген токтомдун 1-пунктунун колдонуусу токтолду.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- ушул токтом күчүнө киргенге чейин берилген визалар аларда көрсөтүлгөн мөөнөтү бүткөнгө чейин колдонулаары;
- уруксат берүүчү документтери болгон учурда визалар узартылаары.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы таризделген визалар жөнүндө толук статистикалык маалыматты Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө жободо:
- 26-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 21-июнундагы № 239 "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу чет өлкөлүк граждандардын транзиттик жүрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 13-августундагы № 509 "Чүй областынын Аламүдүн районунун Ак-Жол жана Панфилов районунун Чалдыбар айылдарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук пункттарын ачуу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 112 "Жарандардын өз ара катташуу режимин тартипке салуу жана Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү менен визалык режимди белгилөө жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 156 "Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринен "КПҮ" грифин алып салуу тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 710 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 156 "Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-декабрындагы № 750 токтому;