КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 506
Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун жоюлушуна байланыштуу айрым маселелер жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2024-жылдын 24-июнундагы № 335, 2024-жылдын 27-августундагы № 509, 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785, 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787, 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесинде:
- 45-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-декабрындагы № 575 "Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагынын сыйымдуулугун пайдалануу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагына кошулуу укугу берилген абоненттердин тизмесинде:
- VI бөлүмүнүн төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 509 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Төмөнкүлөр белгиленсин: