Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 28-сентябры № 619

Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө

"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-1-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын Бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жободо:

- 16-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 17-пункту "алгачкы киргизүүдө ыйгарат жана" деген сөздөрдөн кийин "жарандарды жекече (индивидуалдык) эсепке алуу чөйрөсүндөгү, ошондой эле күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутум жөнүндө жободо:

- 27-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрүшсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

С.Исаков

 

Тиркеме

Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү ТАРТИБИ

1. Жалпы жоболор

1. Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин жөнгө салат.

Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган коопсуздук чаралары жүзөгө ашырылып жаткан адамдар үчүн жеке идентификациялык номерлерди ыйгаруу жана/же жеке идентификациялык номерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдын жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү акты менен аныкталат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 649 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүдөй мааниге ээ болгон төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:

ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулардын курамын, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттин саясатын жүзөгө ашырган орган;

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүнүшүнүн аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) - идентификациялык жеке номерди ыйгаруучу жана өзгөртүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүнүшүнүн аймактык бөлүмдөрү;

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси - чет мамлекеттин аймагындагы Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгү (элчилиги), консулдук мекемеси;

идентификациялык жеке номер - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылган жана жарандарды жекече (индивидуалдык) эсепке алуу чөйрөсүндөгү, ошондой эле күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды копшогондо, ал адамдарга өмүр бою өзгөртүлбөстөн сакталып калган жеке номер;

идентификациялык жеке номерди өзгөртүү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын идентификациялык жеке номерине киргизилүүчү оңдоолор;