КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 178 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
2016-жылдын 10-февралы № 57
"Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 275 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Облигацияларды фондулук биржада жайгаштыруу жана жүгүртүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 275 токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жобосуна:
- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы-сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- алтын менен камсыздалган облигациялар - алтын куймаларды чыгарууда эмитент тарабынан аныкталган салмакта эмитенттен алууга анын ээсинин укугун күбөлөндүрүүчү же алтын куймалардын наркын алууга алардын менчик ээлеринин укугун күбөлөндүрүүчү алтын фиксингине байланган индекстелүүчү номиналдык наркы бар эркин жүгүртүлүүчү, аты жазылган облигациялар;
- алтын фиксинги - кымбат баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы (LBMA) тарабынан белгилене турган бир троя унциясы үчүн ар күн сайын алтынга болгон баа. Алтын менен камсыздалган облигациялардын наркын эсептөөдө, ушул облигациялар боюнча операциялар өткөрүлгөн күндөн мурунку күнү LBMA белгилеген алтындын баасынын кечки фиксинги колдонулат;
- алтын менен камсыздоонун көлөмү - алтын куймаларынын ээлеринин алдында милдеттенмелерди камсыз кылуу катары алтын менен камсыздалган облигациялардын эмитенттери берүүчү алтын куймаларынын жыйындысы.";
- 6-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы глава менен толукталсын:
"Алтын менен камсыздалган облигациялардын эмиссияларынын өзгөчөлүктөрү
106. Алтын менен камсыздалган облигациялар алтын куймаларды жеткирүүнү караган алтынды камсыз кылуучу көлөм менен алардын ээлеринин алдындагы эмитенттин милдеттенмелери камсыздалган учурда гана чыгарылышы мүмкүн.
Ээлеринин алдында эмитенттин милдеттенмелерин камсыздоодо кызмат кылган алтын менен камсыз кылуунун көлөмүнө алтын менен камсыз кылынган облигациялардан тышкары, эмитенттин башка милдеттенмелери боюнча өндүрүп алууга болбойт. Эмитент кудуретсиз (банкрот) деп табылганда алтын менен камсыздалган облигацияларды эмитент тарабынан тындыруу үчүн каралган алтын менен камсыздоонун көлөмү конкурстук массага киргизилбейт.