Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 442 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2016-жылдын 1-апрели № 171
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Жөнгө салуучу органдардын, электр менен жабдуучу, жылуулук менен жабдуучу уюмдардын жана жер тилкелердин жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттеринин укук ээлеринин өз ара аракеттенүүсүнүн адилеттүү принциптеринин жана эрежелеринин негизинде керектөөчүлөргө электр жана жылуулук тармактарын ачык жана экономикалык жактан натыйжалуу пайдалануусун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пунктча менен толукталсын:
"3-1. Ушул Эреже борборлоштурулган жылуулук жабдуу системаларынын электр жана жылуулук энергиясын иштеп чыгаруу булактарынан тышкары, электр жана жылуулук менен жабдуучу уюмдардын тармактарына объекттерди технологиялык кошууга төлөмдү аныктоо тартибин белгилейт.";
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу-жыйырма төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"технологиялык кошулууга төлөмдүн базалык өлчөмү" - иштеп жаткан электр тармактык жана жылуулук тармактык комплекстерди өнүктүрүү үчүн кошулуучу кубаттуулуктардын бирдигине чыгымдардын өлчөмүн мүнөздөгөн орточо өлчөнгөн чоңдук;
"базалык мезгил" - жөнгө салуу мезгилинен мурдагы мезгил;
"электр жана жылуулук жабдуучу уюмдардын тармактарына кошулуучу тапшырыкчы (объекттин укуктук ээси)" - электр жана жылуулук жабдуучу уюмдардын тармактарына объектти технологиялык кошууга өтүнмө берген бардык арыз берүүчүлөр;
"жөнгө салуучу мезгил" - электр жана жылуулук жабдуучу уюмдардын тармактарына технологиялык кошулуу үчүн төлөмдүн базалык өлчөмү белгиленген жана бекитилген мезгил (жыл);