2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 токтому менен бекитилген |
Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жобо
1. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды Кыргыз Республикасынын баардык аймагында жүргүзүүнүн бирдей тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:
- социалдык чөйрө;
- туризм;
- инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- айыл-чарбаны өнүктүрүү;
- алыскы аймактардын иш менен камсыз болбогон калкын тейлөө (агенттер катарында).
2. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жиберүүнүн шарттары
3. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүндө (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү) өзүнө ылайыктуу иш издөө максатында катталган, ошондой эле расмий жумушсуз статусун алган жарандар акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууга укуктуу.
4. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууга жумушсуздук боюнча жөлөкпул албагандар, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүндө каттоодо 6 айдан ашык тургандар, өзүнүн багуусунда 16 жашка чейинки үчтөн ашык баласы бар расмий жумушсуздар артыкчылык укугун пайдаланышат.
3. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруунун тартиби
5. Акы төлөнүүчү коомдук иштерди төмөнкүлөр уюштура алышат:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар;
- ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү.
Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү менен иш берүүчүнүн ортосунда акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды, бул жумуштарды ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүндө уюштурган учурларды кошпогондо, аткаруу боюнча келишим түзүлөт. Келишимде акы төлөнүүчү коомдук иштерди аткаруу боюнча тараптардын укуктары жана милдеттери аныкталат.
6. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү тарабынан расмий жумушсуздарга жана жумуш издеген жарандарга акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышуу жана андан ары эки тараптуу келишим түзүү үчүн, расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнө жумушка тарткан учурдан башка учурларда, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууга жолдомо берилет.
7. Жумуш издеген жарандардын же жумушсуздун демилгеси боюнча эмгек келишими бузулган учурда иш берүүчү жумушсуз бошогон мезгилден тартып үч күндүк мөөнөттө бул тууралуу себептерин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнө бул жөнүндө маалымдоого милдеттүү.
8. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруучулар эмгек жана иш менен камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдардын, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышы, ошондой эле акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын катышуучуларынын эмгегин рационалдуу пайдалануу үчүн жоопкерчиликте болушат.
9. Иш берүүчү ишке тартылган жумушсуздар жана жумуш издеген жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте баардык тийиштүү чегерүүлөрдү жүргүзөт.
4. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын катышуучуларынын эмгегине акы төлөө өлчөмү
10. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын катышуучуларынын эмгек акысын төлөө акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруучулардын каражаттарынан жумуштарды аткарууга түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.
Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда иштеген жумушсуздардын эмгегине акы төлөөгө иш берүүчүдөн негизги эмгек акы жана республикалык бюджеттин каражаттарынан кошумча төлөмдөр кирет.
11. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга багытталган акча каражаттары акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышкан расмий жумушсуз же жумуш издеген жарандардын банктагы жеке эсебине же байланыштын почта бөлүмүнө которулат.
12. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын иш-чараларын уюштурууга кызыкдар кайрымдуулук, эл аралык, донордук уюмдардын каражаттары тартылышы мүмкүн.
13. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын натыйжалуулугуна жана максатка ылайыктуулугуна жыл сайын мониторинг жана талдоо жүргүзөт.
5. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды ишке ашырууну контролдоо
14. Жумушсуздар жана жумуш издеген жарандар үчүн акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды жүргүзүүнү жана финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланууну калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү контролдойт.
15. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды жүргүзүүгө багытталган каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы үчүн күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.