Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 74 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2016-жылдын 6-майы № 231
Ѳткѳрγγ пункттарынын иштеши боюнча айрым чаралар жѳнγндѳ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 584 токтомунун редакциясына ылайык)
Евразия экономикалык бирлигинин алкагында эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Евразия экономикалык бирлигинин чек арасынын кыргыз участогундагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан адамдардын, транспорт каражаттарынын өтүшү жана жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды ташып өтүү төмөнкү өткөрүү пункттарында жүзөгө ашырылсын:
1) кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында:
- "Эркештам-автожол";
- "Торугарт-автожол".
2) кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында:
- "Кызыл-Бел-автожол";
- "Кулунду-автожол";
- "Карамык-автожол";
- "Бор-Дөбө-автожол";