Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 26-декабрындагы № 805
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 483 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун атайын эсеби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун (мындан ары - СМБ) атайын эсебинин каражаттарын түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин аныктайт.
2. Атайын эсептин каражаттары болуп Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнгөн каражаттардан тышкары СМБ алган каражаттар эсептелет. Атайын эсептин каражаттары максаттуу багыты боюнча гана чыгымдалат.
3. Атайын каражаттарды пайдалануу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча кирешелердин жана чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык катуу тартипте жүргүзүлөт.
4. Кирешелердин жана чыгымдардын сметасы ар бир жылга түзүлөт жана белгиленген тартипте бекитилет.
5. Атайын каражаттар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык казыналык бөлүмүндөгү СМБнын атайын эсебине топтолот.
2. Атайын эсепти түзүүнүн булактары
6. Атайын эсептин каражаттары метрологиялык иштерди жана кызматтарды аткаргандыгы үчүн стандарттарды экспертизалоо боюнча чарба субъекттерине акы төлөмө кызматтарды көрсөтүүдөн, керектөөчүлөрдү маалыматтык тейлөөдөн СМБ алган каражаттардын, ошондой эле эл аралык уюмдардын, донор-өлкөлөрдүн жана жеке инвесторлордун гранттарынын, демөөрчүлүк жардамдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен түзүлөт.
7. Атайын каражаттарды СМБнын директору, ал жок кезде - бюджеттик каражаттарды тейлөө укугуна ээ болгон директордун орун басары тескейт.
8. СМБнын финансы-экономикалык талдоо жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн жетекчиси каражаттарды түзүүнүн, бөлүштүрүүнүн эсебин жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына СМБнын атайын каражаттары боюнча отчет берет, белгиленген тартипте бекитилген сметалык багыттар боюнча атайын каражаттарды максаттуу пайдаланууну контролдойт.
3. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануунун жана эсепке алуунун тартиби
9. Атайын эсептин каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
- СМБнын кызматкерлери үчүн дарылануу жана башка максаттарга берилүүчү бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;