Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 15-ноябры № 589

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 439-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын интернет-ресурстарынын даректерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын Интернет-ресурстарынын даректеринде:

- он жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик комитеттер:";

- төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:

"www.ict.gov.kg Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети";

- жыйырма биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

6. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8.  (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

9. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 620 токтомуна ылайык күчүн жоготту)