Документке
Мурунку23.11.2016

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 23-ноябры № 608

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 500 "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 1-пунктунун экинчи абзацындагы "уруксат берүүчү документинин" деген сөздөр "лицензиясынын" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-февралындагы № 75 "Лотереяларды уюштурууга жана өткөрүүгө карата коюлуучу айрым талаптар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Лотерея боюнча отчет берүүнүн тартиби жөнүндө нускамада:

- 2-пунктундагы "лотереяларды өткөрүүгө укук берген күбөлүктүн" деген сөздөр "лотереялык ишти жүзөгө ашырууга лицензиянын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган Нускаманын 1-тиркемесинде:

- "лотереяны өткөрүүгө укук берген күбөлүк" деген сөздөр "лотереялык ишти жүзөгө ашырууга лицензия" деген сөздөр менен алмаштырылсын:

- 16-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган Нускаманын 2-тиркемесинде:

- "лотереяны өткөрүүгө укук берген күбөлүк" деген сөздөр "лотереялык ишти жүзөгө ашырууга лицензия" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 13-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган Нускаманын 3-тиркемесинде:

- "лотереяны өткөрүүгө укук берген күбөлүк" деген сөздөр "лотереялык ишти жүзөгө ашырууга лицензия" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган Нускаманын 4-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков

Жаңы04.09.2018

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 23-ноябры № 608

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 500 "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 1-пунктунун экинчи абзацындагы "уруксат берүүчү документинин" деген сөздөр "лицензиясынын" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык күчүн жоготту)