Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 23-ноябры № 611

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти жөнүндө жободо:

4-пункттун "в" пунктчасы "пункттарга" деген сөздөн кийин ", ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткарууда аларды экстрадициялоо учурунда;" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С. Жээнбеков